super.kg logo
  Саясат  

Талант Узакбаев: "Үйгө бир адам басып келбейт, айыл өкмөттөрү дыйканчылык боюнча маалыматты кайдан алышарын түшүнбөйм"

 

Парламенттин тармактык комитетинде бүгүн, 17-февралда депутат Талант Узакбаев айыл чарба тармагы боюнча иш эски ыкма менен бара жатканын айтты. Айтымында, өкмөт жасай турган иштер менен таанышуу зарыл.

"Биз Союз учурундагыдай "Канча гектар жер айдадың, канча үрөн септиң?" дегенди токтотушубуз керек. Азыр жердин баары, техникалар менчикте. Өкмөт эмне иш кыларын сурашыбыз керек. Болбосо статистика менен гана отурабыз. Үйгө бир адам басып келип эмне сепкенимди сурабайт, анан айыл өкмөттөрү дыйканчылык боюнча статистикалык маалыматтарды кайдан алышарын түшүнбөйм",- дейт депутат.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев быйыл дыйкандарга насыя катары бериле турган 5 миллиард сом бар экенин, дагы 2 миллиард сом кошулушу мүмкүн экенин айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: