super.kg logo
  Саясат  

Дарыгер менен чырдашкан депутат Нурбек Мурашевдин тууганынын өлүмүнүн себептерин изилдөөчү жумушчу топ түзүлдү

 

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Улуттук госпиталда депутат Нурбек Мурашевдин инисинин аялы Алтынай Арстанбек кызынын өлүмүнүн себептерин изилдөөчү жумушчу топ түздү. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев баштаган жумушчу комиссияга нейрохирург Миталип Мамытов жана жандандыруу, неврология тармагындагы адистер киришти. Учурда аталган комиссия медициналык документтерди иликтөөдө.

Министрликтин маалыматында “Бүгүнкү күндө гистология бөлүмүнүн адистери анализдерди изилдеп жатышат. Анын жыйынтыгы качан чыгары белгисиз. Ушул жана башка жыйынтыктарды топтоп, караштырып, жумушчу комиссия өз чечимин чыгарат” деп айтылат.

Эске салсак, 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев жана Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевдин ортосунда жаңжал болгон. Чырдашуунун себебин депутат Нурбек Мурашев "дарыгер менин инимдин аялына туура эмес диагноз койду" деп түшүндүргөн. Мындан сырткары дарыгер Тургунбаев менен жолуккан акыйкатчы Бактыбек Аманбаев "дарыгер сабалгандай эмес, денесинде көгөргөн жери жок" деп айткан. Бул боюнча Жамал Тургунбаев өз версиясын айтып берген

14-февралда депутаттын инисинин аялы көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: