super.kg logo

“Жылдын супер актёру” наамынын ээси Бектемир Мамаюсупов студенттерди Кытайга окууга жөнөтүү үчүн сынак өткөрүүдө

 

“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы аркылуу калың журтка таанылып, “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын супер актёру” наамына ээ болгон Бектемир Мамаюсупов Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетине кыргызстандык беш студентти жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу актёр бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ал таланттуу жаштарды иргеп алып, тандалган беш студентти Синьцзян педагогикалык университетинде окуганга жиберет. Сынактан ийгиликтүү өткөн студенттер 2014-жылдын сентябрь айында Кытайга сапар алышат. Жарым жылда кытай тилин үйрөнүп, өз дареметин сынаган жаштар ал жакта калып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүктөр бар. Алар ай сайын стипендия менен да камсыз болушат. “Кийинки жылдары 5 эмес, андан көп студентти жиберүү тууралуу ойлонуп жатам” дейт актёр.

Кошумчалай кетсек, сынакка жазылуу Кыргыз улуттук университетиндеги Конфуций институтунда 21-февралга чейин жүргүзүлөт. Ага 16 жаштан 30 жашка чейинкилер катыша алышат. Тандоо туру 23-февраль күнү саат 12:00дө Конфуций институтунда өтөт. Сынак 26-февраль күнү Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун концерттик залында жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.02.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!
17.02.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен го!!!Синьцзян педагогикалык университети чындыгында абдан жакшы билим беруучу окуу жай, мугалимдери тажрыйбалуу, озум да окуп келгем!!!Жакшы окуп келишсин ким барса да!!!!Баарынарга ийгилик!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: