Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Малайзиянын экс-премьер-министри менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 17-февралда Малайзияга болгон иш сапары учурунда өлкөнүн көрүнүктүү саясий ишмерлери менен жолугушту. Алардын бири - Малайзиянын мурунку өкмөт башчысы Махатхир Мохамад. Сүйлөшүүдө М.Мохамаддын кыргыз-малайзия мамилелеринин бекемделишине кошкон салымын белгиледи Абдылдаев. Ошондой эле каалаган учурда Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды. Махатхир Мохамад эки өлкө ортосундагы алакалардын мындан ары да бекемделишине кызыкдар экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

