super.kg logo

Бишкекте 2013-жылы жол кырсыгынан 3500дөн ашуун адам жаракат алса, 123 адам көз жумган

 

2013-жылы Бишкек шаарында 2898 жол кырсыгы катталган. Анда 123 адам набыт болсо, 3546сы жаракат алган. Мындай маалымат борбордук муниципалитеттин отчётунда көрсөтүлгөн. 

Маалыматка ылайык, кырсыктардын жана жаракат алгандардын саны 2012-жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Өткөн жылы 12 ай ичинде 1061 кырсык учурунда айдоочулар окуя болгон жерден качып кетишкен. 

Мындан сырткары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматына 15 284 чакыруу келип түшүп, алардын 5500ү гана такталган. 

Адистер 2400 материалды карап чыгып, 230дан ашык ишти сотко жөнөтүшкөн. Ошондой эле 201,5 миң жол эрежелерин бузуу катталса, алардын баарына протокол түзүлгөн. Сотко 8 миң административдик материалдар өткөрүлүп берилген. Анын ичинен 2,4 миң адам айдоочулук күбөлүгүнөн ажырап, 3,6 миңине айып пул салынган. Мамлекеттик казынага 53,1 миллион сом түшкөн.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: