Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 16 жашка жеткен 50 миң жаранга акысыз паспорт берди
Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 16 жашка жеткен 50 миң жаранга акысыз паспорт берди. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда
аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2013-жылы мекеме демилге көтөрүп, ага ылайык, 16 жашка толгондор биринчи жолу паспортту (ID-карта) акысыз алуу боюнча пилоттук долбоорун ишке ашырган.
“Аталган долбоор ийгиликтүү болгондуктан, Мамлекеттик каттоо кызматы ишти улантуу боюнча тиешелүү документтерди чогултуп даярдап берди. Учурда министрликтер жана мекемелер аларды караштырууда”,- деп айтылат маалымдамада.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

