Муниципалдык базарлар, унаа коюу дирекциясынын 2013-жылдагы таза кирешеси 7,5 миллион сомду түзгөн
Муниципалдык базарлар, унаа коюу жана токтотуу дирекциясынын 2013-жылдагы таза кирешеси 7,5 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралдагы шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Мурат Исмаилов билдирди. Анын айтымында, аталган ишкана жалпы 22 миллион сом чогулткан. Анын 14 миллион сому чыгымдарга сарпталган.
“Муниципалдык базарлар, унаа коюу жана токтотуу дирекциясы 2008-жылы 350 миң сом, 2009-жылы 8 миллион сом, 2010-жылы 11,2 миллион сом, 2011-жылы 12,4 миллион сом чогулткан. 2012-жылы "Ош базарынын" айланасын оңдоо иштерине жана 102 унаа токтотуучу жайлардын жабылгандыгына байланыштуу кирешенин көлөмү азайган”, - деди вице-мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

