super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин вице-мэри: “Көчөгө туура эмес токтогон унааларды сүйрөтүп кетүүгө мыйзам жол бербей жатат”

 
Бишкек шаарында көчөлөргө туура эмес токтотулган автоунааларды эвакуатор менен алып кетүүгө мыйзам жол бербей жатат. Муну бүгүн, 18-февралда ЖКда өтүп жаткан парламенттик угууда шаардын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди. Айтымында, шаардагы автоунаалардын саны 320 миңге жетти. “Мен эки сунуш айтам: туура эмес токтотулган унааларды сүйрөтүп кетүүгө жол ачып берүү жана шаарда көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү”,- деди Имашов. Бишкек шаарында калктын саны 1 миллион 300 миңге жеткенин да кошумчалады вице-мэр. 

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште жол кырсыктарынын санын азайтуу, айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү маселеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: