super.kg logo
  Саясат  

Транспорт жана коммуникация министри Айдоочулар коомунун президентин жалган сүйлөбөөгө чакырды

 
Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда өлкөдөгү Айдоочулар коомунун президенти Айдар Турсуниязов транспорт жана коммуникация министрине сындарды айтты. “Министр биз менен бир да жолу жолугушкан жок, кабыл албайт” деп арызданды. Иш-чаранын соңунда министр Калыкбек Султанов аны жалган сүйлөбөөгө чакырды.   

“Пайгамбар жашына келип калганда калп сүйлөгөнүңүз жарабайт. Көп эле жолу жолугушпадык беле? Комиссияга кошуп Тажикстанга алып барып, ал өлкөнүн министри менен тааныштыргам. Ооганстандан чыга албай калган унааны сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүңүз барып чыгарып келдиңиз эле го? Анан кантип “бир да ирет жолугушкан жокмун” деп жатасыз?”- деди Калыкбек Султанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: