super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратуранын жыйынында уктап калганы үчүн Базар-Коргон районунун прокурору иштен айдалды

 

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун прокурору Артисбек Кыдыралиев 17-февралда Башкы прокуратуранын коллегиялык жыйынында уктап калганы үчүн иштен айдалды. Муну бүгүн, 18-февралда өздүк булактарга таянып 24 kg жарыялады. Коллегиялык жыйында башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн биринчи орун басарын баяндама жасап жаткан жеринен токтотуп, залдагылардын ичинен бирөөнүн ордунан турушун талап кылган. Ордунан турган адамга: “Фамилияңыз ким? Азыр залдан чыгып кетиңиз! Эртең кабылдамага келиңиз, сүйлөшөбүз”,- дейт Салянова. Ал аткаминер Базар-Коргон районунун прокурору экенин айтып, залдан чыгып кеткен. Бүгүн белгилүү болгондой, Артисбек Кыдыралиев жыйын маалында залда уктап кеткен. “Сүйлөшүүдө ал өзүн начар сезгендиктен, көзү илинип кеткенин айткан. Бирок Аида Салянова аны иштен алуу тууралуу буйрук чыгарды”,- деп билдирет булак. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: