Жалал-Абад шаарында Чехов көчөсүнүн жээгине чейин чыгып кеткен соода күркөлөрү алынды
Соодагерлер Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Соода департаментинин жетекчиси Абдымалик Тагаев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат башчысы Талантбек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, нааразычылыгын билдирип жатышкан соодагерлер менен сүйлөшүүлөр, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Чаржайыт соода иштеринен улам алардын күркөлөрү алынган. Анткени күркөлөр Чехов көчөсүнүн жээгине чейин чыгып кеткен. Учурда аларды шаардын башка базарларына көчүрүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

