Жылнаама, 19-февраль: Мындан 2 жыл мурун балетмейстер Уран Сарбагышев каза болгон


Аталган бөлүкчөлөрдө кызмат өтөө үчүн ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынын кызматкерлери чакырылган. Аларды укуктук, социалдык жактан коргоо жана жеңилдиктер менен камсыздоо мурда иштеген кызматтары боюнча сакталып калган. Жаңы уюшулган салыктык иликтөө боюнча атайын бөлүкчөлөрдүн кызматкерлеринин саны 150 киши болгон. 20 жыл ичинде Финансы полициясы укук коргоо органы катары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Мурдагы жылдары салык кылмыштарына, мамлекеттик мүлктү талоого, товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана товарды алып чыгууга каршы күрөш жүргүзүп келген. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) мамлекеттин экономикалык саясатын жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган маселелерди чечүүдө.


Балетмейстер Сарбагышев Уран Отунчиевич Бишкек шаарында туулган. 1955-жылы Ленинграддан хореографиялык окуу жайды бүтүп келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет бийчиси болуп ишке киришет. Тез аранын ичинде Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Тугелов, Эркин Мадемиловага окшогон алдынкы бийчилердин катарында "Ак куу көлү", "Жизель", "Ромео менен Жульетта", "Корсар", "Бахчысарай фонтаны", "Дон Кихот", "Спартак", "Дон жуан" балеттеринде башкы каармандардын ролун абдан чебер аткарып, жеке эле Кыргызстан эмес, чет элдерге да кеңири таанымал болгон. 1966-жылдан баштап ал опера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп кызмат кылган. Ошондон бери кыргыз балетинин ийгиликтери Уран Сарбагышевдин ысымы менен байланыштуу болгон. Бул жылдардын ичинде ал "Асел", "Прометей", "Спартак", "Куйручук", "Макбет", "Томирис", "Миң бир түн", "Маңкурт жөнүндө баян", "Бастилия", "Корсар", "Дон Кихот", "Вена токоюнун жомоктору" балеттерин сахнага чыгарган. Балетмейстер Уран Сарбагышев койгон Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча жазылган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө коюлган.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.