super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда бир катар айрым мыйзам актыларына толуктоо кирди

 

Президент Алмазбек Атамбаев 18-февралда “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 15-январында кабыл алган мыйзам мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик жана укуктук актыларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жолу менен колдонуудагы ченемдик-укуктук базалардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

“КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик-укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө”, “КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамдарына толуктоолор киргизилди.

Мыйзам жарыяланган күндөн 6 ай өткөндөн кийин  күчүнө кирүүчү 4-беренени кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: