super.kg logo
  Саясат  

Алтынбек Сулайманов: “Саламаттыкты сактоо министри дарыгерлердин митингге чыгышын талап кылууда, комада жаткан аял менен иши да жок”

 
Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов 13-февралдагы депутат менен дарыгердин ортосундагы чырдашуу боюнча маалымат берди. Айтымында, бул ишти ырбатуунун артында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева турат.

“Ооруканага барсам, дарыгерлердин баары башкы дарыгердин иш бөлмөсүндө экен. Комада жаткан аял менен эч кимдин иши жок. Жабыркады делген дарыгер жаткан бөлмөгө барсак, журналисттер, акыйкатчы ошол жерде отурушат. “Депутат дарыгерди сабап салды” деп ызы-чуу. Сурасам “саламаттыкты сактоо министри түнү менен уктатпай жатат, митингге чыгууну талап кылууда” дешти. Мунун артында саламаттыкты сактоо министри турат. Ал дарыгерлерден митингге чыгууну талап кылууда. Аталган министрликте баш аламандык, Динара Сагынбаеванын жоопкерчилигин караш керек”,- деди Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: