super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ПСЖ менен “Барселона” чейрек финалга ийгиликтүү кадам таштады

 
Оюндун биринчи бөлүгү 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган. Айыгышкан күрөш 90 мүнөт бою уланды.
Жаракатынан эми гана айыгып, мурунку калыбына келип калган Лионель Месси 11 метрлик айып соккусунда жаза баскан жок. Эсеп 0:1.
Оюндун акыркы мүнөттөрүндө гол киргизген Даниэл Алвес өзүн коомчулуктун эсине дагы бир ирет сала алды.
ПСЖ атаандашынын дарбазасын алгачкы мүнөттөрдөн тарта бутага алып, оюндун биринчи бөлүгүндө 3 гол киргизүүгө жетишти. Ибрагимович 2 гол киргизип, бомбардирлер тизмегинде 10 гол менен биринчи сапка чыкты.
Эсеп 3:0 болуп турган 59-мүнөттө "Байердин" оюнчусу Эмир Спахич кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилди.
Мындай ири эсептеги жеңиш коноктор үчүн да күтүүсүз болгонун алардын маанайынан билүүгө болот.

Кечээ, 18-февралда орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндарында франциялык ПСЖ менен каталондук “Барселона” футболдук клубдары атаандаштарын ишенимдүү түрдө жеңип, чейрек финалга ийгиликтүү кадам таштады. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, “Барселона” конокто англиялык “Манчестер Ситини” 0:2 эсебинде утуп алды. Ал эми германиялык “Байерге” конокко барган франциялык ПСЖ атаандаштарына өз үйүндө бир гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн берген жок. 4:0 эсебинде конокто жеңишке жетишип, франциялыктар бир буту менен чейрек финалга чыкты.

Катталган жыйынтыктар:

“Манчестер Сити” (Англия) – “Барселона” (Испания) – 0:2

Голдор: Лионель Месси (54 мүнөттө), Даниэл Алвес (90).

“Байер” (Германия) – ПСЖ (Франция) 0:4

Голдор: Блез Матюйди (3), Златан Ибрагимович (39, 42), Йоан Кабай (88).

Бул командалардын ортосундагы чейрек финалга өтүү үчүн бүгүн, 19-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасында дагы 2 оюн болот.

01:45. “Арсенал” (Англия) – “Бавария” (Германия).  

01:45. “Милан” (Италия) – “Атлетико” (Мадрид, Испания). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.02.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттей гылып утуго ах чиркин. гоооол гооооол
neymar.kg түзөттү 19.02.2014 15:09
19.02.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Топ бербеди ситиге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: