super.kg logo
  Саясат  

Бийик тоолуу шарттагы айылдардын тизмеси кайра тактоого жөнөтүлдү

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 18-февралдагы жыйынында “Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмеси жөнүндөгү” маселени карады. Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиев баяндама жасады. Тизмеге деңиз деңгээлинен 2000 метр жана андан бийик жайгашкан калктуу конуштар киргизилет. Ошол тартипте аныкталган тизмеге Жалал-Абад облусунан 10, Ысык-Көл облусунан 53, Нарын облусунан 102, Ош облусунан 155, Баткен облусунан 10, Талас облусунан 3 айыл киргизилген. Бирок депутаттар тизмеге кирген айылдарды аныктоодо такталбаган суроолор бар экенин белгилеп, маселени дагы иликтөө тапшырмасын беришти. Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмеси кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: