Депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы боюнча 8ден көп иш козголгонун айтышты
Парламенттин
19-февралдагы жыйынында депутаттар “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына
келтирүү дирекциясы боюнча 8 кылмыш иши козголду” деген туура эмес экенин
айтышты. Туратбек Мадылбеков: “Прокуратуранын өзүндө эле 9 кылмыш иши
козголгон. Каржы полициясы козгогон кылмыш иштери эмнеге айтылбайт?”-
деди.
Автор: Автандил Добулбеков
Жыйынга катышып жаткан башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаров бул маалымат тактала турганын айтты.
Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

