super.kg logo
  Саясат  

“Ош окуясында күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үй курууга жер ээлери макул болушкан жок” деди өкмөт башчы

 
2010-жылы Ош окуясында күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үй курууга жер ээлери макул болушкан жок. Муну парламенттин 19-февралдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. “Ал үйлөрдүн орду жеке менчикте. Менчик ээлери жерди бошотуп беришпей турганын айтышты”,- деди өкмөт башчы. Депутаттар күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үй куруу менен жер сатып алуудагы акчаны үнөмдөсө боло турганын айтышкан эле.

Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: