Санкт-Петербургда каза тапкан кыргызстандык айымдын өлүмү боюнча жаңы маалыматтар пайда болду
16-февраль күнү Санкт-Петербургда кылмышкердин колунан каза тапкан кыргызстандык айымдын өлүмү боюнча аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кочкорбай Кутанаев жаңы маалымат берди.
“Кыргызстандын жараны жумушка орношуу боюнча уруксат кагаздарын даярдап жүрүп учурдагы кылмышка шектүү адамга кайрылган. Өзбекстандын жараны акча тууралуу билген соң кыргызстандык айымдын акча салынган сумкасын уурдап алган. Уурдаганын билип, ал жигиттен акчаны кайтарып берүүнү талап кылган да, эгер бербесе полицияга арыз жазарын айткан. Өзбекстандык адам айымды алгач байлап, муунта баштаган. Мындан улам маркум кылмышкердин колунан каза тапкан",- деди Кутанаев.
Эске салсак, 16-февралда саат 23:00 чамасында Санкт-Петербургдун Москва районунда кыргызстандык айымдын өлтүрүлүшү боюнча Орусиядагы КРнын элчилиги бүгүн, 19-февралда жарыялаган.

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө, провокацияга тыюу салынат!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат, провокацияга жол берилбейт!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! Провокацияга жол берилбейт!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө, улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! Провокацияга жол жок!
Tynar89 - 10 күнгө БАНга! Провокацияга жол берилбейт!
Провокацияга жол жок!