super.kg logo
  Саясат  

Ош. "Жапалак" унаа базарынан шаардын казынасына түшүүчү каражатты көбөйтүү максатында чаралар көрүлүүдө

 

Ош шаарындагы муниципалдык "Жапалак" унаа базары буга чейин ай сайын шаардын казынасына 500 миң сом акча каражатын төгүп келген. Жаңы унаа базары менен таанышып жатып Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бекитилген сумманы көбөйтүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчынын тапшырмасы менен азыркы кезде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери "Жапалак" унаа базарын текшерип, анализ жүргүзүшөт. Алар шаардын казынасына түшүчү акча каражатын көбөйтүү боюнча иш алып барууда. 

Шаар башчы өз сөзүндө жаңы белгиленген баада казынага акча түшө баштаса, ал экономика жана социалдык өнүгүүлөргө жумшаларын белгилеп өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: