super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу депутаттарга: “Аалам сырларынын” финалына чыгуу үчүн көзү ачыктардан 20 миң доллар талап кылышууда, ишенбесеңер “Супер-Инфонун” сайтына кирип көргүлө”

 
“Аалам сырлары” көрсөтүүсүнүн финалына чыгуу үчүн катышуучулардан 20 миң доллар талап кылышууда, буга мамлекет жетекчилиги чара көрүшү керек”,- деди депутат Турсунбай Бакир уулу ЖКнын 20-февралдагы жыйынында. Айтымында, парламенттик башкаруудагы мамлекетте улуттук идеологияны Жогорку Кеңеш колго алышы керек. “Урматтуу депутаттар, катышуучулардан 20 миң доллар же 1 миллион сом талап кылууда. Кечээ кечинде “Супер-Инфо” гезитинин сайтына 2 аудиожазуу чыкты. Анда катышуучулардын бири уюштуруучулар менен ачык эле сүйлөшүп жатат. Өкмөт менен президенттин өкүлү, бул силерге да тиешелүү. Башка канал болсо мейли эле, мамлекеттик каналды бакшылар ээлеп алышы жакшы эмес. Бул маселеге тез арада чекит коюш керек”,- деди депутат.

Cөз болуп жаткан аудиожазуу бул жакта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: