Депутаттар Конституцияны өзгөртүүнү сунуштоодо
Жогорку Кеңештин
20-февралдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов Конституцияны өзгөртүүнү
сунуштады. Айтымында, бул аракет коррупция менен күрөшүү үчүн жасалууга тийиш.
Автор: Автандил Добулбеков
“Президент коррупция менен күрөшүүгө аёосуз согуш жарыялаганы менен, мамлекеттик органдар эч кандай аракет кылбай жатышат. Коррупция системи 2010-жылдан бери өзгөргөн жок. Мамлекеттик органдарга “бул мыйзамдаштырылган коррупция” деп көзүнө көрсөтүп жатсаң да моюнга алышпай, “бизде коррупция жок, баары жакшы” дешет. 20 жыл күтүп отура берсек, мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Конституцияны өзгөртүү боюнча топ түзүшүбүз керек. Бир катар түзөтүүлөрдү киргизбесек болбойт”,- деди Калматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

