super.kg logo
  Саясат  

Украина. Киевдеги кагылыштарда набыт болгондорго аза күтүү жарыяланды, президент менен оппозиция лидерлери ынтымакка келүүнү чечишти

 

Бүгүн, 20-февралда Киевдеги кагылышууларда каза болгондорго аза күтүү жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Виктор Янукович кол койгон. 

Өлкө боюнча желек ылдый түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар, телекөрсөтүүлөрдө концерттик программалар токтотулду. Ошондой эле президент менен оппозиция лидерлери ынтымакка келүүнү чечишти. Мындай маалыматты Украинанын Жогорку Радасындагы «Батькивщина» фракциясынын башчысы Арсений Яценюк таратты. Ага ылайык, 20-февралга караган түнү оппозиция лидерлери өлкө башчысы Виктор Янукович менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада ынтымакташуу чечимине келишкен.

Эске салсак, 18-февралда аталган өлкөнүн борборундагы нааразылык акциясынын катышуучулары менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. 

Ошол эле күнү кечинде "Эгемендүүлүк" аянтында чогулган 20 миң катышуучуга күч түзүмдөрү чабуул жасашкан. Кагылышуу 19-февралга чейин уланган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул аралыкта 351 адам жардам сурап кайрылган. Алардын 241и ооруканага жаткырылып, 26 адамдын өлүмү катталган. 

Медиктердин айтымында, Майданда 1000ден ашуун адамдын жаракат алганы айтылууда. 19-февралда Украинанын коопсуздук кызматы террордукка каршы операциясын баштаган.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: