super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайларды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия ишин бүтпөй жатат

 
Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайлардын абалын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктай элек. Муну бүгүн, 20-февралда депутат, комиссиянын мүчөсү Абдимуталип Кочкорбаев билдирди. Айтымында, иштин көлөмү чоң болгондуктан, комиссияга дагы убакыт берүү керек. “Комиссиянын иши бүтпөй жатат, убакытты узарталы” деди ал. Сунуш бүгүн добушка коюлат. 

Эскерте кетсек, комиссия 2013-жылдын 6-ноябрында 1 айлык мөөнөт менен түзүлгөн болчу. Комиссия түзүүгө кесиптик-техникалык окуу жайларда тизмеде жок студенттерге жана окуучуларга мамлекеттен акча бөлүнүп жатышы себеп болгон. “Айрым окуу жайларда 200 баланын ордуна 12 гана бала окуп жатат” деп билдирген эле депутат Каныбек Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: