“Депутаттардын кайрылуусуна жооп бергенде документке орун басарлары эмес, жетекчилер өздөрү кол коюшу керек” деди Турсунбай Бакир уулу
“Депутаттардын кайрылуусуна
жооп катары жөнөтүлгөн документке орун басарлары эмес, жетекчилер өздөрү кол коюшу керек”,- деди парламенттин 20-февралдагы жыйынында
депутат Турсунбай Бакир уулу. Айтымында, бул нерсе депутаттарды сыйлабагандык.
Автор: Автандил Добулбеков
“4 жылдан бери ушундай, жетекчиликке кайрылсак, орун басарлары жооп беришет. Ички иштер министрине кайрылсак, жооп катары жөнөткөн билдирүүсүнө министр кол койбой, орун басары коёт. КТРКга кайрылсам, Кубат Оторбаев эмес, Мамбеталиев деген орун басары кол коюптур. Эмне, өзү кол койсо Оторбаевдин колу ооруп калабы?”- деди Бакир уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

