Аманкул Балтабаев Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы кызматында калат
Алмазбек Атамбаев "А.Ж.Балтабаев жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу мыйзамына ылайык чыгарылган жарлыкта "Балтабаев Аманкул Жаакемилович Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынын кызмат ордун ээлөөнү 2014-жылдын 20-февралынан баштап улантсын" деп айтылат.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

