super.kg logo
  Саясат  

КТРК “Аалам сырлары” телекөрсөтүүсүн токтотуп, коррупцияга шектелгендерди кызматтан четтетти    

 

КТРК “Аалам сырлары” телеберүүсүн көрсөтүүнү токтотот. Бул тууралуу 20-февралда Коомдук каналдын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, коомчулукка тараган аудиожазуудан улам бүгүн эртең менен каналдын коллегиясы чукул чакырылыштагы жыйын өткөргөн. Коллегия жыйынында көрсөтүүнү токтотуу жана бул программаны даярдоого катышкан чыгармачыл топту кырдаал такталганга чейин жумуштан четтетүү чечимин чыгарды.

"Аудиожазуудагы Дана аттуу айым КТРКнын кызматкери эмес. Аны менен Коомдук канал укуктук мамиледе болгон эмес. Бул факты боюнча бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды” деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 19-февралда интернетке "Аалам сырлары" телекөрсөтүүсүндөгү коррупциялык схемалардан кабар берген аудиожазуу чыккан
Финалга чыгуу үчүн акча талап кылганда катышуучулардын бири банкка насыя алуу үчүн келип, документтерди топтоодогу кыйынчылыктарды айтып бергени жазылган эле.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: