Ош технологиялык университетинде факультеттер аралык спартакиада башталды

Бүгүн, 20-февралда Ош технологиялык университетинде факультеттер аралык 8-спартакиада башталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Спорттук иш-чара «Дене тарбия» кафедрасы жана «Намыс» спорт клубу тарабынан уюштурулуп жатат. Өткөрүлүп жаткан мелдештин максаты – факультеттер аралык студенттердин достук мамилесин чыңдоо, Кыргызстан боюнча жакында өткөрүлүүчү ЖОЖдор аралык Универсиадага катышуу үчүн курама командаларды аныктоо жана окуу жайдагы спорт тармагын өнүктүрүү.
20-февраль-7-март күндөрү өтө турган мелдеште студенттер спорттун баскетбол, волейбол, футбол, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол, улуттук күрөш жана ордо сыяктуу 9 түрүнөн күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.