super.kg logo
  Саясат  

20-февралга карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 64,53 миллион киловатт-саатты түздү

 

2014-жылдын 20-февралына карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 64,53 миллион киловатт- саатты түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,8 миллион киловатт-саатка көп. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эң жогорку керектелген кубаттуулук 2948 мегаватт. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 169 мегаваттка жана белгиленген чектен 168 мегаваттка көп. 

Өткөн сутка ичинде электр энергиясын жана жогорку жүк түшкөн сааттарда кубаттуулукту лимиттен ашыруу төмөндөгүнү түздү: Бишкек шаары – 0,67 миллион киловатт-саат, Чүй облусу – 0,39 миллион киловатт-саат, Талас облусу – 0,14 миллион киловатт-саат, Ысык-Көл облусу - 0,24 миллион киловатт-саат, Ош облусу – 0,67 миллион киловатт-саат, Нарын облусу – 0,01 миллион киловатт-саат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: