21-февралда Бишкекте “Манастын сырдуу дүйнөсү” деген аталышта китеп көргөзмөсү өтөт
Эртең, 21-февралда Улуттук китепкананын өзгөчө баалуу жана чанда кездешүүчү китептер бөлүмүндө залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган “Манастын сырдуу дүйнөсү” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат. Бул тууралуу Улуттук китепканадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саамалыкка белгилүү манасчылар, манас изилдөөчүлөр, Алтайдан чакырылган коноктор жана бир катар маданият кызматкерлери катышат. Иш-чара саат 11:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2026-02-13
17:13
2026-02-13
10:28
2026-02-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















