super.kg logo
  Саясат  

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу чаралары көрүлүүдө

 

Социалдык өнүгүү министринин орун басары Нарынкүл Эшенкулова КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев менен жолугушту. Бул тууралуу 20-февралда министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Министрдин орун басары “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары” жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында мамлекеттик түзүмдөр менен жолугушуулар өтүп жатканын айтты. Накен Касиев майыптардын жашоо шартын жеңилдетүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу маанилүү экенин билдирди. Алар атайын курулуштарды, лифттердин болушун көзөмөлдөшү керектигин баса белгиледи. Өзгөчө медициналык жана социалдык кызмат көрсөткөн имараттардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталып курулушу зарылдыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: