Депутаттар Баткендеги суу көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүштү
КСДП фракциясынын 21-февралдагы жыйынында депутат Карамат Орозова Баткендеги суу көйгөйүн чечүүнү Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлүнөн өтүндү. “Аймакта суу маселеси чек ара көйгөйүнөн мурда көтөрүлгөн. Ар бир жаңы министр айылдарга барып көйгөй менен таанышат, андан кийин аны кызматтан алып коюшат”,- деди Орозова.
Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев “ичүүчү суу боюнча көйгөйдү чече албайбыз, бирок сугат суусу боюнча маселени чечүү - биздин ишибиз” деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

