super.kg logo
  Спорт  

“Сочи-2014”. Бүгүн, 21-февралда 8 комплект медаль ойнотулат

 

Бүгүн, 21-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында биатлон, тоо-лыжа спорту, кёрлинг, коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, фристайл, хоккей жана шорт-трек боюнча жарыштар өтүп, жалпысынан 8 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты билдирет.

Биатлон (20:30. Кыз-келиндер арасында 4х6 чакырым аралыктагы эстафета).  

Тоо-лыжа спорту (18:45. Слалом түрү боюнча кыз-келиндер арасында биринчи жарыш. 22:15. Слалом түрү боюнча кыз-келиндер арасында экинчи жарыш).

Кёрлинг (14:30. Уландар арасында коло медаль үчүн беттеш. Кытай-Швеция. 19:30. Уландар арасында алтын медаль үчүн беттеш. Канада-Британия).

Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (19:30. Уландар арасында командалык жарыштын чейрек финалы. 20:23. Кыз-келиндер арасында командалык жарыштын чейрек финалы. 21:13. Уландар арасында командалык жарыштын жарым финалы).

Фристайл (13:45. Ски-кросс боюнча кыз-келиндер арасында алгачкы беттеш. 15:30. 1/8 финал. 16:05. Чейрек финал. 16:25. Жарым финал. 16:41. Финал).

Хоккей (Жарым финалдык оюндар. 18:00. Швеция-Финляндия беттеши. 23:00. АКШ-Канада).

Шорт-трек (23:43. Уландар арасында 500 метрликтеги финал. 23:43. Кыз-келиндер арасында 1000 метрликте финал. 00:18. Уландар арасында 5000 метрлик эстафетанын финалы). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: