Бишкекте 2014-жылкы Универсиада оюндары старт алды
Бишкекте ЖОЖдор арасында өтүүчү 2014-жылкы Универсиада оюндары старт алды. Универсиаданын расмий ачылышы 13-мартка туураланган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда мелдештин башкы калысы Улан Деркембаев кабарлады.
Анын айтымында, республиканын аймагынан 35 жогорку окуу жайы катыша турган мелдеш Дене тарбия жана спорт академиясынын, КУУнун жана КМТУнун спорттук залдарында өтөт. Универсиада жылдагыдан айырмаланып, 3 лигага бөлүнүп өтүүдө. Жогорку Лигада 15 спорт түрүнөн Исхак Раззаков атындагы КМТУ, Жусуп Баласагын атындагы КУУ, КМЮА, Кыргыз-Орус Славян университети, Дене тарбия жана спорт академиясынын командалары жарышка түшөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.