super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов коллегиянын жыйынында мэрияда иштегендерди катуу сынга алды

 
“Мэрия акча сурай турган уюмга айланып бара жатат. Дотация алалы деп эле отурган чиновниктер бар. Каражатты кайдан алабыз? Бюджеттенби? Ал жерде акча жок. Биздин эң ири активибиз – Бишкек”,- деди ал. 
Мэрдин айтымында, ал иштеген 1 айдын ичинде шаардагы башкармалык, департамент жана дирекциялардан алгылыктуу сунуш түшкөн эмес. 
“Мага "ушундай кылалы" деп бирөө да келген жок. Силердин катыштыгыңар жокко эсе. Өзүңөрдү байкоочулардын көзү менен карап көрсөңөр”,- деди мэр. 
Шаар башчы санитардык тазалоо иштеринде муниципалитет менен тыгыз иштешпеген акимдердин жумушун да сындады. Мындан сырткары жүйөлүү себептерден улам планды толтурбаган Салык кызматынын ишине жана унаа токтотуучу жайларга төлөм жыйналып жатканына нааразы экенин билдирип, тиешелүү башкармалыктарга тапшырма берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: