super.kg logo

Жумгалдагы элдик сот боюнча кылмыш иши козголду

 

Жумгалдагы элдик сот боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда билдирди. Маалыматка караганда, “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-февралда Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан.

Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде сотко эч ким ишенбейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: