super.kg logo

Жылнаама, 22-февраль: Бир жыл мурун Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү Алтынбек Итибаев өмүр бою эркинен ажыратылган

 
*Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы "Түркияда аскердик төңкөрүш даярдаган" деген шек менен армияда кызмат өтөгөн жана отставкадагы 50гө жакын жогорку чиндеги аскерлер камакка алынган. Түрк прокурорунун маалыматында, аталган офицерлер “Балка” деген аталыштагы төңкөрүш планы боюнча өлкөдө жардырууларды уюштуруп, жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак. Мындан улам исламга ыктаган бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы менен Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактаган түрк армиясы ортосунда тирешүү курчуган.
*Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Жаңы Зеландиянын Кентербери аймагында саат 13:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, 185 киши каза болгон.

*Бир жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн" деген шек менен кармалып, айыпталып жаткан Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыраткан. Аткаруучуга карата жаза белгиленгени менен, сотто иштин уюштуруучусу катары өтүп жаткан дагы бир айыпталуучу Мурасбек Маташев эркиндикке чыккан. Сот анын жасаган ишинен жетишерлик деңгээлде кылмыш курамын тапкан эмес.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2014. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык олтургону анык болуп мойнуна алса омур бою эркининен ажыратбайбы? бул жерде шектуу деп жазылып турат анда шектуу деп баарын камайт го..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: