Кыргыз-кытай чек арасында 11 кылмышкердин колунан каза тапкан Александр Барыкин Манас ордени менен сыйланды

2014-жылдын 23-январында кыргыз-кытай чек арасында 11 кылмышкердин колунан каза тапкан Александр Барыкин III даражадагы Манас ордени менен сыйланды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 21-февралда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Айта кетсек, Барыкин Ысык-Көл облусунун мергенчилер жана балык уулоочулар коомунун директору болуп иштеп жүргөн.
Жарлыкка ылайык, Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн башка дагы бир катар кызматкерлер сыйланышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

