super.kg logo
  Саясат  

Жириновский: “Евгений Плющенко бизди шерменде кылды!”

 

Орусия парламентинин депутаты Владимир Жириновский муз үстүндө бийлөө боюнча атактуу спортчу Евгений Плющенконун Сочи Олимпиадасындагы жоругу үчүн ачуу сындарды айтты. Эскерте кетсек, жаракатынан улам Плющенко Олимпиада оюндарында муз үстүндө бийлөө боюнча жекече таймашка катыша албай калган эле.

“Евгений Плющенко таптакыр Олимпиада оюндарына катышпашы керек болчу. Спорттук дарыгерлер Плющенкону жонундагы олуттуу жаракаты менен Орусиянын курама командасына  кошпош керектигин айтышты. Демек, “ден соолугум жакшы” деп айткан өзү күнөөлүү, ал жалганчы. Алар 1-орунду япониялык спортчуга сатышты, бул сүйлөшүү. Япон спортчусу эки жолу жыгылганына карабай Олимпиада чемпиону болду! Олимпиаданын алдында депутаттар Плющенкону Олимпиадага жөнөтпөөнү айтып чыкканбыз. Бирок ал ден соолугу жайында экенин айтты. Анын аялы да оюндарга катыштырууга түрттү”,- дейт Жириновский телеканалдардын бириндеги түз эфирде.

Жириновский Плющенконун аялы жана продюсери Яна Рудковскаяны да сынга алды.

“Рудковскаяны токтотуш керек. Ал биринчи күйөөсү Батуринди түрмөгө чейин жеткирген, эми Плющенкону майып арабасына отургузат”,- деген Жириновский Плющенко Орусияны шерменде кылганын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: