super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда Ата Мекенди коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды

 

21-февралда президент Алмазбек Атамбаев Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, төмөнкү адамдар сыйланышты:

 

III даражадагы Манас ордени менен

Александр Барыкин (курман болгондон кийин) - Ысык-Көл облусунун мергенчилер жана балык уулоочулар коомунун директору

Изат Буйлашов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын зардалы

Уларбек Шаршеев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн командири

 

Эрдик медалы менен

Элзаир Абдыкаимов - Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүндө отряд командири

Бакытбек Абдыраев (курман болгондон кийин) - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын айдоочу-милиция кызматкери

Русланбек Арыкбаев - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун административдик чарбасынын башчысы

Аскарбек уулу Таштанбек - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын инспектору

Кутман Асылбеков - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы

Арген Бейшенов - Коргоо министрлигинин 52806-аскер бөлүгүнүн отрядынын ага чалгынчысы

Максат Дуванаев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Көк-Таш” чек ара тозотунун зардалы

Канат Дүйшөналиев (курман болгондон кийин) - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин 2022-аскер бөлүгүнүн “Самаркандек” чек ара тозотунун зардалынын орун басары

Үсөн Максытов - Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттенүүчү атайын отрядынын 1-бөлүмүнүн кенже оперкызматкери

Асылбек Матмусаев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн командири

Батыр Молдошев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын 3-тобунун командири

Акжигит Орозов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 1-тобунун чалгынчысы

Райимкул уулу Баатырбек - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын чалгынчысы, фельдшер

Адылбек Сейдалиев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн командиринин тарбия иштери боюнча орун басары, бөлүмдүн зардалы

Шерикбек Сулайманов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 1-тобунун чалгынчысы

Арстанбек Сулаймбеков - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн ыкчам иштер бөлүмүнүн ага офицери

Алтынбек Токтоматов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 2-тобунун командири

Адилет Үмөталиев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын 2-тобунун ага чалгынчысы

Бакыт Шамуратов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн “Ак-Шыйрак” чек ара кызматынын  бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо боюнча кызматкери

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен

 

Алмаз Исраилов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 1-тобунун командири

Гылычбек Маккамбаев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы

Азат Элчибеков - Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн тобунун командири

Санжарбек Эркинбаев - Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүнүн командири






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: