super.kg logo
  Спорт  

Коргоо министрлигинде майрамга карата спорт боюнча финалдык мелдештер орун алды

 
Коргоо министрлигинде 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорт боюнча финалдык мелдештер орун алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Оюндар 2014-жылдын 16-январында старт алган. Акыркы финалдык оюндар алдынкы орундарды ээлеген командалардын арасында жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду Башкы ыкчам башкармалыктын командасы утуп, кубок, акчалай сыйлыктар, медалдар жана 1-даражадагы диплом менен сыйланышты. 2-орунду Байланыш башкармалыгы менен маалыматтарды коргоо бөлүмүнүн командасы, 3-орунду Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын курама командасы ээлеп, диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты. 
Иш-чара аскер кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин көтөрүү, сергек жашоого үндөө, спорт менен машыгуу, волейбол оюндарын жайылтуу максаттарында өткөрүлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: