Жалал-Абад. Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн алкагында мыкты мектептер аныкталды
Жыл сайын белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө карата шаар аймагындагы жогорку жана орто мектептерде, бала бакчаларда бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Анда көрсөткөн активдүүлүгү менен №10, №36-бала бакчалары жана №1, №5, №4-мектептер мыкты деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева: “Бул күн жыл сайын белгиленип келет. Негизинен тил болбосо пикир алышуу болбойт эмеспи, ошондуктан ар бир мамлекет өз эне тилин өркүндөтүүгө аракеттениши керек. Алардын катарында биз да өз тилибизди өркүндөтүп-өстүрүүгө аракеттенип жатабыз”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

