super.kg logo

Жылнаама: 23-Февраль - Эл аралык Ата Мекенди коргоочулардын күнү

 
* 2003-жылдан тарта бул күн календарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып, өсүп келе жаткан жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Кыргызстандан сырткары бул күн Орусия, Украина, Беларусь жана Тажикстанда белгиленет.
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы кыргыз элинин Эмгек сиңирген артисти жана Эл артисти Роза Аманова Токтогул районунун Токтогул шаарында туулган. 1991-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн. 1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын "Казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө" кафедрасына аспирантурага кабыл алынган. 1999–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, 2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыкалык борбордун жетекчиси, 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетине доцент болуп иштеп келген. 2006-жылы искусство таануу илимдеринин кандидаты болуп, Р.Аманова 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамына татыктуу болгон. Ал "Мен сени сагынгым келет", "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" ж.б. обондордун автору. "Курманбек", "Олжобай менен Кишимжан" аттуу эпосторду айткан дастанчы. Бир нече оозеки адистик музыкага багытталган илимий макалалардын, жети компакт-дисктин (анын ичинен “Курманбек” эпосунун толук айтылышы – 5 компакт-диск) автору.
* 9 жыл мурун, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердиги токтотулган Арслан Малиевдин тарапташтары Тоң районунун мамлекеттик администрация мекемесин ээлеп алышкан. Алар А.Малиевдин талапкердик укугунун калыбына келтирилишин, Тоң районунун акими Нурбек Алиев менен райондук соттун төрайымы Светлана Касырбековалардын кызматынан кетишин талап кылышкан.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.02.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугунку майрамынар менен мырзалар!
23.02.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Аманова Роза эжебизди бугунку туулган куну мн куттуктайбыз. Кыргыз элинин мандайына жазылган кайталангыс озгочо талант. Ар дайым бактылуу болунуз, бар болунуз. Чон ийгиликтерди каалайм мындан ары да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: