super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте бүгүн Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскер кызматчылары салтанаттуу марш басышты (фоторепортаж)

 
Бүгүн, Бишкекте 23-Февраль - Эл аралык Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата салтанаттуу жүрүш болуп өттү. Анда Бишкек гарнизонунун өздүк курамы борбордук "Ала-Тоо" аянтын көздөй Чүй проспекти аркылуу салтанаттуу марш менен ырларды аткарып "Жеңиш" аянтына багыт алышты. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин жетекчилигинин алдында күч түзүмдөрүнүн башчылары өчпөс отко гүлчамбарларды коюшту. Аскер кызматчылары аянтта салтанаттуу марш басышты.
2003-жылдан тарта бул күн календарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып, өсүп келе жаткан жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: