super.kg logo
  Спорт  

“Сочи-2014”. Орусия командалык эсепте 13 алтын медаль менен 1-орунду камсыз кылды

 
Норвегиялык кыз-келиндер лыжа спорту боюнча 30 чакырымга созулган марафондо байгелүү үч орунду тең утуп алышты. Марит Бьорген алтын утса, Тереза Йохауг күмүш, Кристин Стермер Стейра коло медаль утуп алды.
Хоккей боюнча Канада курама командасы алтын медаль үчүн беттеште Швецияны 3:0 эсебинде утуп алды. Жонатан Тэйвз командага кезектеги артыкчылыкты алып келген шайбаны киргизди.
Лыжа спорту боюнча 50 чакырымдык марафон. Александр Легков алтын, Максим Вылегжанин күмүш, Илья Черноусов коло медаль утуп алды.
Алексей Воевода, Александр Зубков, Алексей Негодайло жана Дмитрий Трупненков сыяктуу спортчулардан куралган бобслей курама командасы Орусиянын 13-алтын медалын алып келди.

Кечээ, 23-февралда расмий түрдө жыйынтыкталган “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында Орусия курама командасы 13 алтын, 11 күмүш, 9 коло медаль утуу менен командалык эсепте 1-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдештин акыркы күнүндө (23-февралда) орусиялык спортчулар 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту. Алгач лыжа спорту боюнча 50 чакырым аралыкты түзгөн марафондо орусиялыктар 3 байгелүү орундарды тең ээлесе (Александр Легков алтын, Максим Вылегжанин күмүш, Илья Черноусов коло медаль утту), андан соң бобслей боюнча курама команда дагы бир алтын алып келди.

Жыйынтыгында медалдардын жалпы саны боюнча Орусия алдыга чыкты. 2-орунду 11 алтын менен Норвегия ээлеп келсе, 3-орунду хоккей оюнунда акыркы медалын алган Канада ээледи.

Командалык эсеп:

1. Орусия – 33 медаль (13 алтын, 11 күмүш, 9 коло).

2. Норвегия – 26 медаль (11 алтын, 5 күмүш, 10 коло).

3. Канада – 25 медаль (10 алтын, 10 күмүш, 5 коло).

4. АКШ – 28 медаль (9 алтын, 7 күмүш, 12 коло).

5. Голландия – 24 медаль (8 алтын, 7 күмүш, 9 коло).

6. Германия – 19 медаль (8 алтын, 6 күмүш, 5 коло).

7. Швейцария – 11 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 2 коло).

8. Беларусь – 6 медаль (5 алтын, 1 коло).

9. Австрия – 17 медаль (4 алтын, 8 күмүш, 5 коло).

10. Франция – 15 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 7 коло). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.02.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar orustar oz uiundo bolsoda komandalyk esepte birinchi orundu alyp duinoluk sporttogu ordunardyn kanchalyk ekenin korgozup koidunar, Putinda oz ishinen rahat alyp kubanyp jatkany sheksiz.
nursultan1 түзөттү 24.02.2014 11:37
24.02.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустар бир ди албабы же акыркыныбы бизде иш канча.Алар биз канчанчыны алганыбызды ойлонуп да койбосо керек.
24.02.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PATRIOT-98,анткени биздин бийлик суктанаарлык эч нерсе кылган эмес. Эмнебизди ойлонушсун биздин. Биз ошолордун ийгилигин коруп сабак алышыбыз керек. Жалгыз гана Россиядан эмес, бардык онуккон олколордон.
24.02.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LaraKroff, бизге мынандаи сырттан караб туранда эле Орусиянын бийлиби сыймыктана турган иш жасагандай сезилет.А бирок Путин олимпиаданын курулушун тендерлерди откозбой эле откозсо да жем корлук менен откозуп копчулук обьекттерди озуну достору А.тимошук,Векселберг,Потанин,Ротенбергллер салышты.Орусиялыктардын кобу Путинди жаман корушот биз биринч каналды коруп эле Путин жакшы деп журобербешибиз керек!
24.02.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PATRIOT-98, nursultan1 - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт!
24.02.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм орустар да кыйын эл. Жакшы денгээлде отту.О лимпиадага жакшы даярдангандын натыйжасы мына биринчи орунду алып келди.Аракет кылса берекет.!
24.02.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мафия
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: