super.kg logo

Томас Андерс, Лара Фабиан сыяктуу дүйнө жылдыздары Борбор Азияда концерт тартуулашат

 
Сүйлөшүүлөр Томас Андерстин продюсери Лутц Райнер Сейдел аркылуу жүзөгө ашып жатат.
80-жылдардагы эң атактуу топтордун бири "Modern Talking" тобунун аткаруучусу Томас Андерс менен... "Томас мага өзүнүн коллекциясынан бриллиант көздүү саат белек кылды. Жооп иретинде мен кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын бири ооз комузду тартуу кылдым",- дейт.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта белгилүү дүйнө жылдыздары Стас Михайлов, Томас Андерс, Тото Кутуньо, Лара Фабиан, Мустафа Сандал жана "Bаскstreet boys" тобу Борбор Азияда концерттерин тартуулашат. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда кыргызстандык продюсер Ислам Сатаров SUPER.KG порталына билдирди.

Эл аралык "Attack concerts" продюсердик компаниясынын мүчөсүмүн деген Ислам Сатаровдун айтымында, жогоруда аты аталган атактуулардын катышуусундагы концерттерди Борбор Азияда уюштуруу үчүн 2 жылдан бери даярданып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. “Бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Концерттердин үзгүлтүккө учурап калбоосу үчүн абайлап иш кылуудабыз. Белгилүү "Modern Talking" тобунун  аткаруучусу Томас Андерстин концерти боюнча сүйлөшүүлөр бүтүп, 3-майда Бишкекте өткөрүү тууралуу чечимге келдик”,- дейт ал.

Андан тышкары продюсер 15-мартта белгилүү түркиялык ырчы Мустафа Сандал менен маданий иш-чараларды уюштуруу максатында Кытайга, жолугушууга жөнөй турганын кошумчалады. Бул тууралуу ал: “Сүйлөшүү ийгиликтүү аяктаса, Мустафа Сандалдын концерти июнь же сентябрь айында Бишкекте өтөт. Андан тышкары Москвада да уюштуруу планы бар. Негизи, түрк ырчысы КМШнын аймагында көбүнчө жабык кечелерде гана ырдап, жеке концертин дээрлик берген эмес”,- дейт.
Эске салсак, мындан туура 2 жыл убакыт мурун Ислам Сатаров кыргыз элине өзүн "белгилүү "Танхам" аттуу ырдын автору Раминмин" деп тааныштырып, ырдап жүргөн жигит менен иштешкен. "Супер-Инфо" гезити Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинен сураштырып, өзүн атактуу ырчы катары тааныштырган Расул Хейр Абадинин Рамин Монтазериге эч кандай тиешеси жоктугун, атүгүл ал жигит ырчы да эмес экендигин тактаган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
24.02.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам ийгиликтерин кут болсун,Кыргызстанды гулдото бер. Сага ишенебиз.Молодец.
25.02.2014. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Ислам озу бир аз жалганчыраак эле эми кандай болот экен бул сапар..
25.02.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалганчы дегенинизге караганда , Исламды коро албастардын бироосу окшойсуз. Оюнуз туз эмес экени корунуп турат. Суротторду дагы фотошоп деп чыкпасаныз эле болду... :) Биз билгенден ал дуйно ырчылары менен коп иштешешет. Ийгилик каалайм Ислам, Сатаровдун ырлары да сонун.Билети канчадан экенин айтып койгулачы ???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: