super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: “Азыр кыргыздын ар бир уулу Батукаевди бошотуп жибергендерди сөгүп жатат”

 

“Кыргыздын ар бир уулу учурда Азиз Батукаевди бошотуп жибергендерди сөгүп жатат”,- деп билдирди экс-депутат Камчыбек Ташиев 24-февралда ММКлардын бириндеги берүүдө. Айтымында, өкмөт бул ишти прокуратурага тапшырып коюп, жоопкерчилик сезбей отурат. Ташиев эфирдеги оппоненти, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге буларды айтты:

“Прокуратура иликтеши керек” дейсиңер, качанкыга чейин териштирет? Бир чечен кылмышкерди коргоп, бошотуп жибергендерди кыргыздын ар бир уулу сөгүп жатат. Силер болсо уялбай отурасыңар. Сен отурасың, Сатыбалдиев отурат (ред. КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев). Бул окуя боюнча уяласыңарбы?”

Тайырбек Сарпашев бул окуяны прокуратура иликтеши керектигин дагы бир жолу кайталап кутулду.

Буга чейин Тайырбек Сарпашевдин “Градиент” компаниясы “Кумтөрдү” автоунаа майы менен камсыздай турганы айтылып келген. Ташиевдин “Тайырбек, токтогулдуктардын, кыргыз элинин алдында “Градиент” меники эмес” деп айта аласыңбы?” деген суроосуна Сарпашев “меники эмес” деп жооп берди. Мындан кийин Ташиев “Кудай алдында жооп бересиң” деди Сарпашевге.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: