super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациясы учурда Түштүк Кореяда жүрөт

 

Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы учурда Түштүк Кореяда жүрөт. Муну парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди. 

Иш сапарда А.Жээнбеков Түштүк Корея парламентинин спикери Канг Чанг-хи жана премьер-министри Чон Хон Вон менен жолугушат. Ошондой эле кыргызстандык делегация Корея атом жана гидроэнергетика корпорациясынын жетекчилиги, Текстиль өнөр жай федерациясынын башкы катчысы Юн Су Йонг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Депутаттар Айыл аймактарын өнүктүрүү администрациясына, 2010-жылдан бери электрондук өкмөт жаатында Корея Республикасын алдыга чыгарган Компьютерлештирүү жана маалымат боюнча Улуттук агенттигине барары күтүлүүдө. Делегация Түштүк Кореяда 27-февралга чейин болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: