Мыктыбек Абдылдаев “өкмөт Жогорку Соттун ишине аралашпай, экономика менен алектенсин” деди
Парламенттеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 25-февралдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт башка жакка башын салбай, өз иши менен алектениши керектигин айтты.
“Өкмөт Жогорку Соттун, анын ичинде Конституциялык палатанын ишине кийлигишпей, экономика менен алектенсин. Өкмөт эмне үчүн Конституциялык палатанын судьяларынын санын азайткысы келип жатканын түшүнбөйм. Муну кантип чечет, абсурд...”- деди Абдылдаев.
Депутат Галина Скрипкина Конституциялык палатада 9 судья иштеп жатканын, дагы 2 судья кошулушу керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

