super.kg logo
  Саясат  

КТРК коррупциялык схемалардын алдын алуу боюнча ишеним телефон линиясын ачты

 

Маалымат каражаттары чуулгандуу аудиожазуудан улам “пара талап кылуу” боюнча шектелип жаткан Дана аттуу аял КТРКда менеджер катары иштеп келгенин, аны берүүнүн титрлери далилдеп турарын айтып чыгышкан. Бүгүн, 25-февралда журналисттер менен жолугушкан КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев бул боюнча да маалымат берди. Анда: “Берүүнү ишке ашырууда Дана Абдыбекова катышкандыгы аныкталды. Анын аты-жөнү “Аалам сырлары” берүүсүнүн менеджери катары титрлерде көрсөтүлгөн. КТРКга каалагандай кирип-чыгып жүргөнгө бул адамдын мүмкүнчүлүгү болгон. Аныкталган мындай фактылардан улам берүүнүн жетекчилери түшүндүрмө беришти. Мекеменин кызматкери болбогон адамды менеджер катары титрде көрсөтүү жана каалагандай кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүн беришкендиги үчүн “Аалам сырларынын” жетекчилигине дисциплинардык жаза колдонулат”,- деп айтып өттү Оторбаев.

Ошондой эле КТРК "пара талап кылуу" фактысын аныктоо боюнча кошумча аракеттерди көрүүдө. Телеканалдын кызматкерлери тарабынан "пара талап кылуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактыларын аныктоо үчүн жарандар менен түз байланыш бөлүмүн ачты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: